Бакытжан Сагинтаев: "Жасалма интеллектти практикалык негизде колдонуу Комиссия менен БУУ ЕЭК ортосундагы диалогдун негизги багыттарынын бирине айланышы мүмкүн"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 22-апрелде Астанада Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Бакытжан Сагинтаев Комиссия БУУ ЕЭКтин экспертизасына жана куралдарына таянуу менен кызматташтыктын багыттарын мазмундуу иштеп чыккандыгын билдирди.

"Комиссиянын БУУ ЕЭК менен өз ара аракеттенүүсү Комиссиянын дээрлик бардык блокторун камтыган, чынында эле секторлор аралык жана комплекстүү мүнөзгө ээ экенин өзгөчө белгилейм", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Атап айтканда, транспорт жана логистика чөйрөсүндө ченемдик базаны БУУнун эл аралык конвенциялары менен шайкеш келтирүү, өтмө транспорттук коридорлорду түзүү, чек аралар аралык электрондук документ жүгүртүүгө жана логистикадагы санариптик чечимдерге өтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, биргелешкен аналитикалык күн тартибин камтуу менен, экономикалык интеграциянын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө тийгизген таасири боюнча өз ара аракеттенүү кеңейүүдө.

Маектештер диалогду өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирин билдиришти. Буга байланыштуу 2027–2029-жылдарга карата Кызматташтык планын даярдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

"Биздин биргелешкен ишмердүүлүгүбүздүн бардык багыттары боюнча тармактык эксперттердин катышуусу менен бир катар жумушчу жолугушууларды уюштурууну сунуштайбыз, – деди Бакытжан Сагинтаев. – Жасалма интеллектти практикалык колдонуу диалогдун негизги багыттарынын бири болушу мүмкүн".

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар мындай формат кызматташуунун жаңы планын фундаменталдуу иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деген жалпы түшүнүккө келишти.

Евразия экономикалык комиссиясы менен БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2013-жылы кол коюлган.