Бакытжан Сагинтаев Адылбек Касымалиевди мааракеси менен куттуктады
01.12.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Адылбек Касымалиевди 65 жылдык мааракеси менен куттуктады.
"Сиз Кыргызстандын экономикасынын олуттуу өнүгүшүнө, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык байланыштардын бекемделишине чоң салым кошуп жатасыздар", – деп айтылат куттуктоо катында.
ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Адылбек Касымалиевге чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.