Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинди туулган күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Беларусь Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Александр Турчинди туулган күнү менен куттуктады.

Бакытжан Сагинтаев Беларусь Өкмөт башчысынын евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө кошкон чоң жеке салымын белгиледи.

Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинге чың ден соолук, бакубатчылык жана Беларусь Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.