Бакытжан Сагинтаев Али Хаменеини туулган күнү менен куттуктады
15.07.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеини туулган күнү менен куттуктады.
"ЕАЭБ өлкөлөрү Иран Ислам Республикасы менен өз ара урматтоого жана экономикалык пайдага негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүнүн позитивдүү динамикасын жогору баалашат", – деп айтылат куттуктоо катында.
ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Али Хаменеиге чың ден соолук, бакубатчылык жана Ирандын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн белгиленген бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.