Башкы
/
Жаңылыктар
/
Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады
Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады
16.12.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Касым-Жомарт Токаевди Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады.
"Сиздин жетекчилигиңиз астында Казакстанда натыйжалуу реформалар жүргүзүлүп, алар өлкөнүн экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алга кадам таштоосуна шарт түзүүдө. Республика регионалдык жана жалпы дүйнөлүк күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойноп, евразиялык экономикалык диалогдун жигердүү катышуучусу болуп саналат», – деп айтылат куттуктоо катында.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевге чың ден соолук, анын бардык демилгелеринин ишке ашырылышын, ал эми Казакстанга – бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.