Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевди Республика Күнү менен куттуктады
25.10.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Касым-Жомарт Токаевди жана жалпы Казакстан элин Республика күнү менен куттуктады.
"Сиздин жетекчилигиңиз алдында Казакстанда экономиканы модернизациялоо жана саясий тутумду реформалоо процесси жүрүүдө. Өлкө региондогу туруктуулуктун жана прогресстин үлгүсү болуп саналат, эл аралык аренада татыктуу кадыр-баркка ээ, евразиялык интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет", — деп айтылат куттуктоо катында.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевге чың ден-соолук, анын бардык демилгелери жана реформалары ийгиликтүү ишке ашырылышын, ал эми Казакстанга жана анын жарандарына — гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.