Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудести Улуттук көтөрүлүш күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Куба Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Мигель Диас-Канель Бермудести жана бүткүл куба элин Улуттук көтөрүлүш күнү менен куттуктады.

«ЕАЭБ өлкөлөрү менен Куба өлкөсүнүн салттуу достук жана ишеним рухунда өнүгүп жаткан кызматташуусу биргелешкен аракеттердин аркасында бекемделип, элдерибиздин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалып жатат», – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев куттуктоо катында.

Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан ЕЭК Коллегиясынын башчысы Куба Республикасына туруктуу экономикалык өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – бакубатчылыкты жана жакшылыкты каалады.