Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудести Кубанын Боштондук күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Куба Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Мигель Диас-Канель Бермудести Боштондук күнү менен куттуктады.

"ЕАЭБ өлкөлөрүндө Куба менен экономикалык диалогду жогору баалашат. Биргелешкен аракеттер менен мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтык камсыздалат деп ишенем", – деп айтылат куттуктоо катында.

ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Куба Республикасына бакубатчылык жана прогресс каалады.