Бакытжан Сагинтаев Михаил Мишустинди мааракеси менен куттуктады
03.03.2026
Евразия экономикалык
комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн Төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Михаил Мишустинди
60 жылдык мааракеси менен куттуктады.
"Сиз Россиянын экономикасынын ырааттуу өнүгүшүнө, ири улуттук жана эл аралык милдеттерди ишке ашырууга, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык байланыштарды бекемдөөгө чоң салым кошуп келесиз", – деп айтылат куттуктоо катында.
Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Михаил Мишустинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Россия элинин жыргалчылыгы үчүн бардык пландары менен демилгелеринин ишке ашуусун каалады.