Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды туулган күнү менен куттуктады
01.06.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды туулган күнү менен куттуктады.
Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянга чың ден соолук, жооптуу ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Арменияга жана анын жарандарына гүлдөп-өнүгүү жана жакшылык каалады.