Башкы
/
Жаңылыктар
/
Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды Армения Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктады
Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды Армения Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктады
05.07.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды Конституция Күнү менен куттуктады.
Бакытжан Сагинтаев Негизги мыйзам Армениянын мамлекеттүүлүгүнүн жана анын евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге катышуусунун бекем таянычы экендигин белгиледи.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Арменияга жана анын жарандарына бакубатчылык жана жакшылык каалады.