Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды кайра дайындалышы менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды Армения Республикасынын Премьер-министри кызматына кайра дайындалышы менен куттуктады.

"Көрсөтүлгөн жогорку ишеним – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана анын жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча Сиз жүргүзүп жаткан багытты колдоонун далили", – деп айтылат куттуктоо катында.


ЕЭК Коллегиясынын Башчысы Армения Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык комиссиясы менен мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү өз ара пайдалуу кызматташтыкты натыйжалуу ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.