Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянга "Жарандык келишим" партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянга экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, жарандардын бакубаттуулугун бекемдөөгө жана маанилүү мамлекеттик милдеттерди ишке ашырууга багытталган мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Армения Республикасынын Улуттук Чогулушуна шайлоо 7-июнда өттү.