Бакытжан Сагинтаев Олжас Бектеновду кайра дайындалышы менен куттуктады
01.09.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Олжас Бектеновду Казакстан Республикасынын Премьер-министри кызматына кайра дайындалышы менен куттуктады. Ал ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү бойдон калат.
«Сиздин Өкмөттүн башындагы ишмердүүлүгүңүз Казакстандын экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстерди ырааттуу бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенем», – деп айтылат куттуктоо катында.
Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Олжас Бектеновго Казакстан Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн белгиленген бардык пландардын ишке ашышын каалады.