Бакытжан Сагинтаев Жеңиш Күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

"Евразия элдери үчүн 9-май – өзгөчө, ыйык майрам, каармандыктын жана кайраттуулуктун символу. Аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын жана бабаларыбыздын катаал сыноо жылдарындагы туруктуулугу, алардын тууган жерге жан аябастыгы биз үчүн ар дайым адеп-ахлактык багыт болуп кала берет", – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев бардыгына бакубатчылык, тынчтык жана жакшылык каалады.