Башкы
/
Жаңылыктар
/
Бакытжан Сагинтаев Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктады
Бакытжан Сагинтаев Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктады
05.05.2026
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын
Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия
экономикалык кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаровду жана бүткүл кыргыз элин
Конституция күнү менен куттуктады.
"Кыргызстандын Конституциясы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге жигердүү катышуусуна укуктук пайдубал болуп саналат", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы куттуктоо катында.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасына жана анын жарандарына бакубатчылык жана жакшылык каалады.