Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
"Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстанда өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана анын эл аралык майдандагы абройун бекемдөөгө багытталган экономикалык маанилүү кайра түзүүлөр ишке ашырылууда. Республика ЕАЭБ боюнча өнөктөш мамлекеттер менен экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүдө", — деп айтылат куттуктоо катында.
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.