Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады.
"Өзбекстандын экономикасы ишенимдүү технологиялык трансформация баскычында турат, анын негизги багыты – ар бир жарандын бакубаттуулугу. Өлкө дүйнөлүк жана евразиялык бизнес-процесстердеги катышуусун ырааттуу кеңейтүү менен эл аралык аренада өзүн барган сайын активдүү таанытууда", – деп белгиленет куттуктоо катында.
Бакытжан Сагинтаев Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакубаттуулук жана Өзбекстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.