Бакыжтан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады.

"Сиздин жетекчилигиңиз астында Өзбекстан экономикалык потенциалды жогорулатуу, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу иштерин ырааттуу ишке ашырууда, евразиялык интеграциялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналат", – деп айтылат куттуктоо катында.

   ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакубатчылык жана Өзбекстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн анын жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.