Бакытжан Сагинтаев Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Россия Федерациясынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады.

Бакытжан Сагинтаев бул майрам Россия Федерациясынын азыркы ырааттуу өнүгүүсү менен анын миң жылдык тарыхынын ажырагыс байланышын айгинелерин белгиледи.

Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан ЕЭК Коллегиясынын башчысы Россияга жаңы экономикалык жетишкендиктерди жана гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – жакшылык жана бакубаттуулук каалады.