Бакытжан Сагинтаев ЕАӨБдүн мааракелик иш-чараларына катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 25-26-июнда Алматы шаарында Евразия өнүктүрүү банкынын Жылдык жыйынына жана Бизнес-форумуна катышты.

2026-жылы ЕАӨБ негизделгенинин 20 жылдык мааракесин белгилөөдө. Ушул убакыттын ичинде Банктын, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Комиссиянын ортосунда евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди колдоого багытталган өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизми түзүлдү.

Жылдык жыйындын жана Бизнес-форумдун катышуучулары тараптардын мамилелерин формалдаштыруу, ошондой эле көп жылдык биргелешкен иш евразия экономикалык интеграциясын тереңдетүүнүн маанилүү фактору болуп калганын белгилешти.

Бул мезгил аралыгында интеграциялык мүнөздөгү инвестициялык долбоорлорду талдоо жана баалоо, аларды каржылоо боюнча сунуштарды даярдоо жана евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүндө мындай демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

Форумдун ишкердик программасынын жүрүшүндө ЕАӨБ инвестициялык ишмердүүлүктүн эсебинен алардын туруктуу экономикалык өсүшүнө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана келечектүү интеграциялык долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшүү менен, Банктын мүчө мамлекеттеринин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн негизги каржылык өнөктөшү катары чыгып жатканы белгиленди.

"Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" пленардык сессиясында катышуучулар аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Алар биринчи кезекте жаңы технологиялык чечимдердин негизиндеги анын түзүмдүк трансформациясы менен байланыштуу.

Скачать исходники фотографий