Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 2-октябрда Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын делегация башчыларынын Беларусь Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Александр Лукашенко менен болгон жолугушуусуна катышты.
Тараптар евразиялык экономикалык күн тартибинин актуалдуу темалары боюнча пикир алмашышты. Беларусь башчысы ЕӨАКтын мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири тизмесин карап чыгарын белгиледи.
Атап айтканда, жыйында сооданы, өнөр жайды жана АӨКтү, транспорттук инфраструктураны, электр энергетикалык рынокту өнүктүрүү жана бажы кызматташтыгы маселелери талкууланат.
Жолугушууга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов катышты.