Бакытжан Сагинтаев Экономикалык кызматташтык уюмунун (D-8) башкы катчысы Сохаил Махмуд менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Экономикалык кызматташтык уюмунун (D-8) башкы катчысы Сохаил Махмуд менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Тараптар евразия мейкиндигиндеги соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

«Экономикалык кызматташтык уюмуна кирген бир катар мамлекеттер менен Евразия экономикалык бирлигинин ортосунда туруктуу өнөктөштүк байланыштар калыптанды. Бул ЕЭК менен D-8 Катчылыгынын ортосундагы диалог үчүн жакшы негиз түзөт», – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Комиссиянын Коллегиясынын башчысы аймактык интеграциялык жана мамлекеттер аралык бирикмелер менен байланыштарды кеңейтүү Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин стратегиялык артыкчылыктарынын бири бойдон кала берерин баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы диалогду эки бирикмеге мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзө турган тутумдуу өз ара аракеттенүүгө айлантуу боюнча өз ара умтулууларын билдиришти.

Экономикалык кызматташтык уюмуна (D-8) Азербайжан, Бангладеш, Египет, Индонезия, Иран, Малайзия, Нигерия, Пакистан жана Түркия кирет. 



Скачать исходники фотографий