Бакытжан Сагинтаев Кытайдын Россиядагы Элчиси Чжан Ханьхуэей менен жолугушту Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 5-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында Кытай Эл Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Чжан Ханьхуэй менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен КЭРдин Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуусунун алкагында өз ара иштешүүсүнүн перспективалары талкууланды.

"Кытай Эл Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биздин мамилелер өз ара урматтоо, ачыктык жана стратегиялык өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

2019-жылы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден тартып, ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылга карата эки эседен ашык көбөйүп, 280 млрд долларга жетти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар экономиканын бир катар артыкчылыктуу тармактары боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү жактай тургандыгын ырасташты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы КЭРдин мамлекеттик бийлик жана бизнес органдарынын өкүлдөрүн 2025-жылдын 26-27-июнунда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун ишине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Чжан Ханьхуэй Бакытжан Сагинтаевди Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин Пекинде өтө турган парадына чакырды.

Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга 2018-жылы Астанада кол коюлган.