Бакытжан Сагинтаев Никарагуанын Россиядагы Элчиси Альба Асусена Торрес Мехия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 8-апрелде Москвадагы ЕЭКтин баш кеңсесинде Никарагуа Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Альба Асусена Торрес Мехия менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Никарагуанын кызматташтыгынын жыйынтыктары жана келечеги каралды.

"2024-жылы Меморандумга кол коюу биздин диалогду системалуу деңгээлге алып чыгууга шарт түздү, – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – Комиссия менен Никарагуа Өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумунун жүрүшүндө 2029-жылга чейинки биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды".

Документти ишке ашыруу Комиссия менен Никарагуанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле ишкер чөйрөлөр арасында түз байланыштарды орнотууга көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Комиссия Никарагуа менен көп тараптуу форматта – интеграциялык бирикмелердин багыты боюнча кызматташууну пландаштырууда.

"ЛАЭС жана СИЕКА менен диалогду жандандырууда, анын ичинде интеграциялык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга багытталган биргелешкен семинарларды уюштурууда сиздердин колдооңузга ишенебиз", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү бекемдөө боюнча системалуу ишти улантууга өз ара даярдыгын тастыкташты.

Латын Америка-Кариб экономикалык системасы (ЛАЭС) – курамына Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин 25 мамлекети кирген регионалдык өкмөттөр аралык уюм. 2018-жылы ЕЭК жана ЛАЕС Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

Борбордук Америкадагы экономикалык интеграция боюнча катчылык (СИЕКА) – Борбордук Америкадагы экономикалык интеграция процесстерин камсыз кылуучу техникалык жана административдик орган. Анын мүчөлөрү аймактагы сегиз өлкө болуп саналат. 2021-жылы ЕЭК жана СИЕКА Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.