Жаңылыктар

19.03.2025

Бакытжан Сагинтаев Өзбекстандын Россиядагы Элчиси Ботиржон Асадов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

19-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин Өзбекстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча толук пикир алмашуу болду.

Атап айтканда, ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата Биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруу каралды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы азыркы учурда КМШ өлкөлөрүнөн ЕАЭБдин соода өнөктөштөрүнүн арасында Өзбекстан биринчи орунда турганын баса белгиледи.

"Өзбекстандын евразиялык "бешилтик" мамлекеттери менен тышкы соода жүгүртүүсү 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу 7,3%га өсүп, 17,5 млрд АКШ долларын түзгөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнө Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн төрттөн биринен көбү туура келет", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Тараптар ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумдун алкагында түзүлгөн биргелешкен жумушчу топтун ишмердүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан делегациясын ЕАЭБдин башкы иш-чарасына – 2025-жылдын июнь айында Минскте өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды.