Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 12-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары Ян Дун менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен КЭРдин соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында өз ара иштешүүсүнүн жыйынтыктары жана перспективалары каралды.
Бүгүн ЕЭК аянтчасында ЕАЭБ – Кытай Биргелешкен комиссиясынын бешинчи отуруму болуп өттү, анда Макулдашууну ишке ашыруу планынын ийгиликтүү аткарылышы белгиленген. Тараптар жол картасын жаңылоо зарылдыгы тууралуу жыйынтыкка келишти. Бул багыттагы иштерди жакын арада баштоо пландаштырылууда."Кытай Эл Республикасы ЕАЭБ мамлекеттеринин негизги тышкы экономикалык өнөктөшү болуп саналат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, өз ара соода 291 миллиард доллар менен жаңы рекорддук көлөмүн белгиленген. КЭРдин үлүшү Бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен жалпы товар жүгүртүүсүнүн 35%ын түздү", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен аракеттер менен сооданын мындан аркы өсүшү, экономикалык диалогду туруктуу өнүктүрүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана КЭРдин бизнеси үчүн жагымдуу шарттар камсыздалаарына ишеним билдиришти."Жол картасын артыкчылыктуу тармактарда стандарттарды шайкеш келтирүү жана жол- жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча конкреттүү чаралар менен толтуруу зарыл деп эсептейм", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
ЕАЭБ – Кытай Биргелешкен комиссиясы 2018-жылы кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттери бир тарабынан жана экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 12.1-беренесине ылайык түзүлгөн. Биргелешкен комиссиянын тең төрагалары болуп ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев жана КЭРдин коммерция министринин орун басары Ян Дун саналат.