Бакытжан Сагинтаев Кубанын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары, тышкы соода жана чет элдик инвестициялар министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев 27-мартта Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Куба Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары, тышкы соода жана чет элдик инвестициялар министри Оскар Перес-Олива Фрага менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар дүйнөлүк экономикалык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Кубанын өз ара иштешүүсүнүн учурдагы абалын жана перспективаларын талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Бакытжан Сагинтаев тараптар ортосундагы кызматташтыкты координациялоо үчүн негизги аянтча болуп саналган Биргелешкен комиссиянын ишин белгиледи.

"Комиссиянын 2025-жылдагы жыйынтыктоочу отурумунун натыйжасында өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, транспорт, туризм, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо багыттарын камтыган конкреттүү макулдашууларга жетишилди", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Комиссия менен Куба Өкмөтүнүн 2021-2025 – жылдардагы Биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруу кызматташуу үчүн бекем негиз түзүүгө мүмкүндүк берди. Учурда кийинки беш жылдыкка жаңы пландын долбоорун макулдашуу аяктап жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар соода-экономикалык диалогду өнүктүрүү боюнча ишти улантууга өз ара даярдыгын тастыкташты.

2018-жылы ЕЭК менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими боюнча 2021-жылдын январынан тартып Куба ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусуна ээ.



Скачать исходники фотографий