Жаңылыктар

31.03.2023 (Обновлено: 04.04.2023 10:33)

Бакытжан Сагинтаев БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин башчысы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) Төрайымы Лучезара Стоева менен уюмдун Нью-Йорктогу (АКШ) штаб-квартирасында жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу 29-мартта салык маселелеринде эл аралык кызматташтык боюнча 2023-жылдагы атайын кеңешменин алдында өттү.

Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын ишкердик ишмердикти өнүктүрүү, салыктык башкаруу, эмгек миграциясы жана каржы рыноктору чөйрөлөрүндө ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымдады, ошондой эле дүйнөлүк экономиканы туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн аталган тармактарда көп тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, ЭКОСОС башчысы Лучезара Стоева ЕЭК менен өз ара мамилелерди тереңдетүүгө даярдыгын билдирди, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдө мындан аркы кызматташтык үчүн өз ара кызыкчылык жараткан маселелерде тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуунун зор маанисин баса белгиледи.

Маалымат

БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши (ЭКОСОС) – Бириккен Улуттар Уюмунун  негизги органдарынын бири, ал БУУнун экономикалык, социалдык жааттардагы жана анын адистештирилген мекемелериндеги кызматташтыкты координациялайт.

ЭКОСОСтун ишмердигинин чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:

∙ экономикалык жана социалдык прогресске, анын ичинде жашоо деңгээлин жогорулатууга жана калкты толук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү;

∙ экономикалык жана социалдык жааттарында жана саламаттыкты сактоо жаатында эл аралык көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу;

∙ маданият жана билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга көмөктөшүү;

∙ адам укуктарын жана анын негизги эркиндиктерин жалпы урматтоо үчүн шарттарды түзүү.