Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 30-июлда ЕЭКтин штаб-квартирасында Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы жаңыдан дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Александр Рогожник менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Маектештер, атап айтканда, ЕАЭБде өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин ишке ашыруунун перспективаларын жана аларда беларус ишканаларынын катышуусун карашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тараптар актуалдуу күн тартиби боюнча жумушчу байланыштарды улантууга макул болушту.