Бакытжан Сагинтаев: «Вьетнам менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар»

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 31-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.


Тараптар Эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен Вьетнамдын өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Бакытжан Сагинтаев Азия-Тынч океан регионунда Евразия экономикалык бирлигинин тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүдө Вьетнамдын өзгөчө ролун белгиледи. 2015-жылы бул өлкө евразиялык «бешилтик» соода макулдашуусун түзгөн биринчи өлкө болгон.

Бул ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүүнү 2016-жылдагы 4,3 млрд доллардан 2025-жылы 8,3 млрд долларга чейин, башкача айтканда 90%дан ашык көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

«Санариптик трансформация, жасалма интеллект, электрондук соода, технологиялар, платформалык чечимдерди өнүктүрүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз», — деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. 

Бирликтин мамлекеттери менен Вьетнамдын ортосундагы транспорттук байланышты жогорулатуу маанилүү милдеттердин бири бойдон калууда. Логистиканы, камсыздандыруу процесстерин жана эсептешүү механизмдерин жакшыртуу боюнча иштөөгө кызыкдарлык бар.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бакытжан Сагинтаев жана Во Тхи Ань Суан тараптардын соода-экономикалык диалогун андан ары өнүктүрүүнүн натыйжалуулугуна ишеним билдиришти.

Бир тараптан Евразия экономикалык бирлик менен ага мүчө мамлекеттердин, экинчи тараптан Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода тууралуу макулдашууга 2015-жылдын 29-майында кол коюлуп, 2016-жылдын 5-октябрында күчүнө кирген.



Скачать исходники фотографий