Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ алкагында экономикалык интеграциянын потенциалын ачуунун эсебинен бизнес үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө"
28.11.2025

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 28-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында Комиссия менен Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңешинин XI отурумуна катышты.

 

Иш-чараны ачып жатып, Бакытжан Сагинтаев ишкер чөйрөлөрдүн интеграциялык процесстерге катышуусу — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоонун маанилүү элементи экенин баса белгиледи.

"ЕЭК жана "бешилтик" мамлекеттеринин бизнеси Комиссиянын чечимдеринин жана эл аралык келишимдердин долбоорлорунун жөнгө салуучу жана иш жүзүндөгү таасирин баалоо жол-жоболорунун алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенишет, — деп билдирди Бакытжан Сагинтаев. – 2025-жылы ишкерлердин Комиссияга дээрлик бардык кайрылуулары боюнча оң натыйжалар бар: алардын айрымдары чечилди, башкалары боюнча толук түшүндүрмөлөр берилди".

Мониторинг интеграциянын бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга оң таасирин тастыктайт. Бирликтин алкагында товарлар менен өз ара соодалашуунун көлөмү 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу 9%га, кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соода — 16%га өскөн. Түз инвестициялардын өсүшү 17% түзгөн.

ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, иштин маанилүү багыттары өнөр жай ишканаларына тышкы рыноктордо пайдалуу шарттарды түзүү жана өнөр жайда жана АӨКда кооперациялык долбоорлорго көмөктөшүү болуп саналат.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, ченемдик базаны түзүү жана каржылоону алуу жетишсиз. Колдоо механизмдерин натыйжалуу ишке киргизүү үчүн бүгүнкү күндөгү, ал эми андан жакшысы — эртеңки күндөгү рыноктун суроо-талаптарына жана муктаждыктарына жооп бере турган реалдуу бизнес-долбоорлордун топтомун түзүү зарыл. Бул маселелерде биз ЕАЭБ Ишкер кеңешинин практикалык жардамына ишенебиз", — деди Бакытжан Сагинтаев.

Жыйынтыгында Коллегиянын Төрагасы Комиссиянын ишмердүүлүгү жалпысынан евразиялык экономикалык интеграциясынын потенциалын ачуунун эсебинен ЕАЭБ алкагында бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын билдирди жана ишкер коомдоштукту мындан ары интенсивдүү жана ачык диалогго чакырды.

Консультативдик кеңештин ишмердигинин максаты — ЕЭКтин компетенцияларынын чөйрөсүндө ишкердикти өнүктүрүүнүн багыттарын жана перспективаларын аныктоодо Комиссиянын жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин натыйжалуу диалогун камсыз кылуу.