Бакытжан Сагинтаев: "ШКУ менен өз ара аракеттешүүдө биз конкреттүү демилгелерди практикалык ишке ашырууга өтүүнү пландаштыруудабыз"
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча толук пикир алмашуу болду. ЕЭК менен ШКУ Катчылыгынын өз ара иштешүүсүнүн учурдагы абалы жана перспективалары деталдуу түрдө талкууланды.

Бакытжан Сагынтаев Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн ШКУ менен кызматташуу негизги багыттардын бири экенин белгиледи.

"Биздин өз ара аракеттешүүбүздүн жогорку деңгээли тууралуу сандар айтып турат. Акыркы он жылда ЕАЭБ мамлекеттеринин жана ШКУ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү төрт эсеге өстү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 368 миллиард долларды түзгөн. Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүдөгү үлүшү 50%га жеткен", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Учурда тараптар ЕЭК менен ШКУ Катчылыгынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында Биргелешкен иш-чаралардын жаңы планынын долбоорун даярдоо боюнча иш алып барышууда. Документ менен өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдөгү системалуу кызматташуунун милдеттери аныкталат.

"Биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюу өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине өтүүнү түшүндүрөт. Биз алкактык өз ара аракеттенүүдөн конкреттүү демилгелерди практикалык ишке ашырууга өтө алабыз", – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Маектештер ШКУ Катчылыгынын аянтчасында "ЕАЭБ күндөрүн" өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышты. Бул иш-чара евразиялык "бешилтиктин" экономикалык күн тартибин илгерилетүүнүн жана түз бизнес-диалогду орнотуунун натыйжалуу куралы боло алат.

Тараптар ЕАЭБ менен ШКУнун аракеттерин андан ары айкалыштыруу бирикмелерге мүчө мамлекеттердин өз ара ишенимин бекемдөөнүн жана экономикалык өсүшүнүн маанилүү фактору болот деген бирдиктүү пикирге келишти.

ЕЭК менен ШКУнун Катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2021-жылы кол коюлган.