Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин калкты жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын сентябрь айынын аягына карата 1 011,2 миң адамды түзүп, 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18%га кыскарган.
Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчтүн санынын 1,1%ын түзөт. 2021-жылда бул көрсөткүч 1,3% түзгөн.
ЕАЭБдеги жумушсуздук жөнүндө кененирээк маалымат Статистика департаментинин баракчасында "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.