Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
16 Apr 2024
ЕЭК Коллегиясы баалуу металлдардын айрым категорияларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну либералдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарларын ташып келүү/ташып чыгуу маселелерин жөнгө салууга өзгөртүүлөрдү киргизди. "Өзгөртүүлөр баалуу металлдардын айрым категорияларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну либералдаштырууга, мамлекеттик контролдон өтүүнү жөнөкөйлөтүүгө, тышкы соода ишинин катышуучулары тарабынан мамлекеттик органдарга берилүүчү документтердин тизмесин оптималдаштырууга, ошондой эле бирдей товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын колдонууга багытталган", — деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Анын сөзү боюнча, кеп атап айтканда, баалуу металлдардын үлүшү массасынын 2%нан ашпаган товарларды жөнгө салуудан чыгаруу жөнүндө болууда. Ошондой эле документтерди электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик контролду ишке ашыруу үчүн документтердин көчүрмөлөрүн (экспортко лицензия, товарларга спецификация) түп нускалардын ордуна берүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары, эгерде бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорун колдонуунун максаты товарларды оңдоо болуп саналса жана башка бир катар өзгөртүүлөр киргизилсе, товарларды ЕАЭБ бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документтин болушу жөнүндө талаптар алынып салынат. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
16 Apr 2024
ЕАЭБдин май-тоң май продукциясына карата техрегламентине шайкештиги милдеттүү түрдө бааланууга жаткан продукциялардын тизмеси актуалдаштырылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда Бажы бирлигинин "Май-тоң май продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 024/2011) техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги милдеттүү түрдө бааланууга жаткан Продукциялардын тизмесинин актуалдаштырылган редакциясы бекитилди. Аталган продукцияларды бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына Продукцияларды ташып кирүү тартибинин жоболорун эске алуу менен техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышы тастыкталат. Продукциялардын жаңыланган тизмесине шайкештигин баалоо жөнүндө документи — шайкештик жөнүндө декларация болуп саналган, тамак-аш май-тоң май продукциясынын 19 тобуна жана тамак-аш эмес май-тоң май продукциясынын эки тобуна карата ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердигинин Товардык номенклатурасынын онунчу белгисине чейин деталдаштырылган 86 коддорун камтыйт. Тизме тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына багытталган жана бажылык башкаруу үчүн колдонулат. Ошондой эле продукциянын тизмеги ББ ТР 024/2011 карата 2023-жылдын декабрында кабыл алынган № 2 өзгөртүүлөргө ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 1517 90 990 0 коду менен белгиленген "темперирленбеген аралаш типтеги какао майын алмаштыргычтар" сыяктуу май-тоң май продукциясынын түрү менен толукталган. Комиссиянын Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.
16 Apr 2024
Аскар Джаппаркулов РЭМ угуучуларына ЕАЭБде макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу жөнүндө айтып берди
Евразия экономикалык бирлигинин иштөө принциптери, макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу, ошондой эле интеграциялык бирикменин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркуловдун 15-апрелде Россия экономикалык мектебинин (РЭМ) угуучулары менен болуп өткөн жолугушуусунун негизги темалары болду. ЕАЭБ жөнүндө келишимди практикалык ишке ашыруу жөнүндө айтып жатып, Аскар Джаппаркулов "Комиссия тарабынан Бирлик мамлекеттеринин макроэкономикалык туруктуулугун камсыздоого жана экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу көрсөткүчтөрдүн сандык маанилерин сактоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында олуттуу тажрыйба топтолгонун" белгиледи. Ал ыйгарым укуктуу органдар жана Комиссия тарабынан иштелип чыккан сунуштамалар жана биргелешкен чаралар бюджеттик жана карыздык туруктуулукту камсыз кылууга, инфляциялык процесстердин төмөндөшүнө өбөлгө түзгөнүн жана Бирликте экономикалык туруктуулукка оң таасирин тийгизгенин кошумчалап өттү. "Комиссия макроэкономика жаатында жаш жана келечектүү адистерди күтөт. Эл аралык уюмда иштөө макроэкономикада өзүнүн теориялык билимдерин колдонууга гана эмес, ошондой эле көп улуттуу жана ар кыл маданияттар айкалышкан чөйрөдө коммуникациянын уникалдуу тажрыйбасын алууга, ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин чечүү үчүн экономикалык дипломатиянын инструменттерин практикада колдонууга мүмкүндүк берет", — деп Аскар Джаппаркулов РЭМ студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн Комиссиядагы карьералык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып жатып баса белгиледи.
15 Apr 2024
Эльдар Алишеров транс чегаралык электрондук соодада жумуш боюнча жолугушуу өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министр Эльдар Алишеров Евразия экономикалык бирликтин ири маркетплейстеринин өкүлдөрү менен жумуш боюнча жолугушууну өткөрдү. Элдар Алишеров аларга тышкы электрондук сооданы жөнгө салуунун алкагында ЕАЭБдин Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоонун жүрүшү жана аны өнүктүрүү үчүн актыларды даярдоо боюнча Комиссия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бул чөйрөдө жаңы жөнгө салуу боюнча эң актуалдуу маселелер талкууланды. Талкуу жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы алымынын бирдиктүү коюму, жаңы эрежелер боюнча кайра иштетилбей турган алынып салынган товарлардын тизмеси, электрондук соода товарларына алымсыз алып келүү ченемдерин белгилөө, ошондой эле мындай товарларга карата тарифтик эмес жана техникалык жөнгө салуу чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө болду. ЕЭК министри тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу боюнча Комиссиянын актыларын даярдоодо мамлекеттик органдардын жана бизнестин биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн белгиледи жана ЕЭК бажы блогунун платформасында конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин ырастады.
12 Apr 2024
ЕЭК РЭДУ менен кызматташууну улантат
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин өкүлдөрү Россия элдер достугу университетинин (РЭДУ) Тышкы экономикалык коопсуздук жана бажы иши институтунун "ЕАЭБдин экономикалык стратегиялары: көйгөйлөр жана инновациялар" эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты. Департаменттин спецификалык субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана териштирүүлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Ярошенко Евразия экономикалык бирлигинин индустриялаштыруу карталарын түзүү жана жүргүзүү, Евразиялык технологиялык платформалары, мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу, Комиссиянын өнөр жай чөйрөсүндөгү маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен кооперациялык долбоорлорун каржылоонун жаңы механизми угуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Кызыкдар тараптар Департаменттин аянтчасында иш алып барган тармактык эксперттик топтордун алкагында иштөөгө чакырылды. ЕЭК менен РЭДУ ортосундагы сүйлөшүп келишкендиктердин алкагында Өнөр жай саясаты департаменти жож менен жигердүү кызматташып келет. РЭДУ студенттери Департаментте өндүрүштүк практикадан өтүшөт, эксперттик деңгээлде тажрыйба алмашуу жүрөт.
12 Apr 2024
ЕАЭБде дары өндүрүүчүлөрдүн фармакологиялык көзөмөл тутумдарына Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелери кабыл алынды
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 12-апрелдеги отурумда ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 83 чечимин Евразия экономикалык бирлигинин фармакологиялык көзөмөлүнүн талаптагыдай тажрыйбасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелери менен толуктады. ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий мындай деп белгиледи: "Өзгөртүүлөр Бирликтин фармацевтикалык рыногунда "пайда – тобокелдик" катышынын оң профили менен далилденген, дары-дармек препараттарын жүгүртүүдө сактоого жана коомдук саламаттыкка жана калктын бакубаттуулугуна коркунуч туудурган дары-дармектерди жүгүртүүдөн жана өндүрүүдөн чыгарууга багытталган". Учурда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары дары препараттарынын каттоо күбөлүктөрүн кармоочулардын фармакологиялык көзөмөл тутумун текшерүүнү мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат. Бул фармакологиялык тутумга фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүүгө карата ар кандай ыкмаларды колдонуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүп, ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө мындай инспекциялардын жыйынтыктарын тааныбоо мүмкүндүгүн жаратат. ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынган документ фармакологиялык көзөмөл тутумдарына инспекцияларды жүргүзүү жол-жоболоруна жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иштешүүсүнө карата бирдиктүү мамилелерди белгилейт. Мүчө мамлекеттердин инспектораттарынын ар бири тарабынан дары-дармектерди өндүрүүчүлөргө кайтадан (кайталоочу) инспекция жүргүзүүсү жокко чыгарылат, бул инспекциялык ресурстарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Фармакологиялык көзөмөл тутумунун фармацевтикалык инспекцияларын жүргүзүү эрежелери Европалык эрежелердин актуалдуу редакциясы менен шайкеш келтирилген жана Бирликтин фармацевтикалык рыногунда жүгүртүүдөгү дары каражаттарынын коопсуздугунун жана натыйжалуулугунун реалдуу көйгөйлөрүн баалоо тажрыйбасын жалпылоого жана колдонууга негизделген.
12 Apr 2024
Дары препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөө жүргүзүү эрежелери өзгөртүлдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 12-апрелде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөөлөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр эки жол-жобого тиешелүү – дары-дармектердин биоэквиваленттүүлүгүн изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда референттик препаратты тандоого жана адамдарга карата биоэквиваленттүүлүктү изилдөөнү моделдик лабораториялык изилдөөлөр менен алмаштыруу (биовейверди жүргүзүү) жол-жобосуна. Референттик дары-дармек препараттарын тандоо жол-жобосуна кошумча альтернативдүү варианттарды тандоо мүмкүнчүлүгү киргизилүүдө. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнө Валентин Татарицкий түшүндүргөндөй, "өзгөртүү референттик катары тандалып алынган оригиналдуу дары препараттарын Бирликтин бажы аймагына жеткирүүдө пайда болгон татаалдыктар менен шартталган". Бул варианттар дары-дармек препараттарын үчүнчү өлкөлөрдөн сатып алууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле көчүрүлгөн дары-дармек каражаттарын (дженериктерди) референттик катары кеңири колдонууга мүмкүндүк берет. Биовейвер жол-жобосуна карата талаптардын өзгөрүшү бул жол-жобону баштапта жигердүү эмес молекулаларды камтыган жана аларды дары-дармектерге айландыруу адамдын организминде жүргөн дары-дармектер-препараттары үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Дагы бир мүмкүнчүлүк бар – бул жол-жобону Дары-дармектер боюнча эксперттик комитеттин макулдугун албастан, III класстагы дары-дармектер (начар эрүүчү, бирок жакшы сиңирилүүчү дары-дармектерге) үчүн колдонуу. Өзгөртүүлөр Европа регионунда, Америка жана Азия өлкөлөрүндө колдонулган ушундай эле эрежелерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дженериктерди жүгүртүүгө жол берүү ыкмаларына ылайык келет.
12 Apr 2024
Спорттук жабдуулар жана инвентарлар ЕАЭБ алкагында жөнгө салынуучу продукциянын бирдиктүү тизмегине киргизилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 12-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жөнгө салынуучу продукциялардын бирдиктүү тизмегин спорттук жабдуулардын жана шаймандардын айрым түрлөрү менен толуктады. Тизмеге, атап айтканда, спорттук жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жабдуулар жана шаймандар – футбол, мини-футбол, гандбол, хоккей үчүн дарбазалар, стенддик атуу жана спортинг үчүн буталар, ошондой эле гимнастикалык жабдуулар жана шаймандар – комбинирленген ассиметриялуу/параллелдүү устундар, параллелдүү устундар, турниктер, таяныч секирүү үчүн гимнастикалык түзүлүштөр, жумуру жыгачтар, батуттар, шакектер, швед дубалдары, торлуу тепкичтер, альпинизм үчүн каркас конструкциялары, аттар (спорттук), текелер (спорттук), аркандар, гимнастикалык столдор, отургучтар жана маттар, акробатикалык жолдор. "Тилекке каршы, жигердүү дене-тарбия аракеттеринде жаракат алган учурлар сейрек эмес, анын ичинде спорттук мелдештер учурунда, – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий. - Практика көрсөткөндөй, учурда колдонуудагы, бирок спорт жабдууларынын коопсуздугун камсыз кылуунун колдонууга милдеттүү эмес механизмдери, мисалы, ыктыярдуу сертификаттоо, көйгөйдү чечпейт. Комиссиянын Кеңеши тарабынан кабыл алган чечим, албетте, абалды жакшыртууга жардам берет". Спорттук жабдуулардын жана шаймандардын белгилүү бир түрлөрүнүн бирдиктүү тизмегин толуктоо аларга карата милдеттүү талаптарды белгилөө үчүн укуктук негиз болуп саналат. Эми мындай талаптарды Бирликтин техникалык регламенттеринде же тиешелүү улуттук укуктук актыларда белгилөөгө болот.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө
Соцтармактардагы ЕЭК
VK
Youtube
Telegram