ЕАЭБдин бажы чек арасында бажы органдары чек ара кызматынын айрым функцияларын аткарган өткөрүү пункттарынын саны быйылкы жылдын аягына чейин 20га жетет

Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы контролдоочу органдардын өз ара иштешүүсүнүн маселелери 26-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиевдин төрагалыгы астында өткөн профилдик Консультативдик комитеттин отурумунда каралды.


Отурумдун катышуучулары Беларусь Республикасында өткөрүү пункттарында бажы органдары тарабынан жеке жактардын чектелген чөйрөсүнө – жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочуларына, поезд бригадаларынын жана аба кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрүнө карата чек ара кызматынын органдарынын айрым функцияларын аткаруу боюнча долбоордун жүзөгө ашырылышын талкуулашты.

2023-жылы чек ара кызматынын айрым функциялары бажы органдарына төрт өткөрүү пункттарында ("Брузги" АӨП, "Урбаны" АӨП, "Брест" ТЖӨП, "Привалка" АӨП) өткөрүлүп берилгендиги белгиленди, ал эми ушул жылдын аягына чейин дагы төрт өткөрүү пункттарында ("Каменный Лог" АӨП, "Берестовица" АӨП, "Брузги" ТЖӨП) иштер аякталат. Ошентип, жылдын аягына чейин Бирликтин бажы чек арасында бажы органдары чек ара кызматынын айрым функцияларын аткарган өткөрүү пункттарынын саны быйылкы жылдын аягына чейин 20га жетмекчи.

ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 22-февралындагы № 6 чечимин жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселенин алкагында Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Бирлик өлкөлөрүнүн бажы чек арасы аркылуу товарлар өтк өнүгүү тенденциялары жөнүндө м өрүлгөн жерлерде бажы инфраструктурасынын абалы, динамикасы жана аалымдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Серептер (2014-жылдан тартып азыркы учурга чейин) төмөнкү ресурста жайгаштырылган https://eec.eaeunion.org/comission/department/dep_tamoj_infr/0I191/1Activity_2CID_3RLC_4CID.php, ошондой эле ЕАЭБдин расмий сайтында жеткиликтүү (http://www.eaeunion.org/) төмөнкү маршруттар боюнча:

"Сервистер → Бажы кызматташтыгы → Бажы инфраструктурасынын абалы, динамикасы жана өнүгүү тенденциялары жөнүндө маалымат";

"Ресурстар → Евразия экономикалык комиссиясынын сайты→ ЕЭК Коллегиясы → ЕЭК Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министри) → Бажы инфраструктурасы департаменти → Ишмердик → Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү → Маалыматтык материалдар → Бажы инфраструктурасынын абалы, динамикасы жана өнүгүү тенденциялары жөнүндө маалымат".