Жаңылыктар

24.05.2023 (Обновлено: 31.05.2023 11:32)

II Евразиялык экономикалык форумдун катышуучулары "Атаандаштыкты еx-ante же еx-post жөнгө салуу жакшыбы?" суроосун талкуулашты

Санариптик рыноктордогу атаандаштыкты жөнгө салуу маселелери, анын ичинде катышуучулардын кызыкчылыктары менен бул рынокторду өнүктүрүү демилгелеринин ортосунда тең салмактуулукту орнотуу мүмкүнчүлүгү, бүгүн Москвада башталган II Евразиялык экономикалык форумдун алкагында "Атаандаштыкты Ex-ante vs Ex-post жөнгө салуу, мамлекеттик сатып алуулардагы макулдашуу жана санариптик трансформация" сессиясынын жүрүшүндө талкууланды.

Сессияга Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогунун, Евразия экономикалык бирлигинин сотунун, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Өзбекстандын Атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жөнгө салуучуларынын, Бириккен Улуттар уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын Атаандаштык жана керектөө саясаты боюнча бөлүмүнүн (ЮНКТАД), Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун Атаандаштык боюнча комиссиянын (КОМЕСА), БРИКС өлкөлөрүнүн атаандаштык укугу жана саясаты боюнча эл аралык борборунун өкүлдөрү, ошондой эле бизнестин өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар санариптик экономика рыноктордун чектерин тездик менен өчүрүп жаткандыгын белгилеп, монополияга каршы органдардын алдына татаал тандоону койду: алдын алуучу жөнгө салуу практикасын кармануу же фактыдан кийин жөнгө салууну тандоо.

Ошондой эле чогулгандар тез өнүгүп жаткан санариптик рынокторду жөнгө салууда бул рыноктордо керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктары менен атаандаштыкты коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо зарыл деген тыянакка келишти. 

"Өтө катуу жөнгө салууну киргизүү сөзсүз түрдө кызматтардын сапатынын төмөндөшүнө жана атаандаштыкка алып келет. Эгерде жөнгө салуучулар кырдаалды ашыкча "колдон чыгарып жиберишсе", бул санариптик рыноктордун монополизациясына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан еx-ante жана еx-post-жөнгө салуу моделдери бардык оюнчулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен параллелдүү колдонулушу керек", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Бакыт Султанов.

Мындан тышкары, катышуучулар мамлекеттик сатып алууларды санариптик трансформациялоо жана санариптик платформаларды мамлекеттик жөнгө салуу темасын талкуулашты. ЕАЭБ сотунун өкүлдөрү Атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууга консультативдик корутундулардын таасири жөнүндө айтып беришти.

Форумдун сессиясын трансляциялоонун толук версиясын шилтемеден көрүүгө болот.