ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкианга жана бүткүл иран элине Бендер-Аббас шаарына жакын жердеги Шахид-Раджаи портундагы жарылуудан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
"Адамдардын курман болушуна алып келген кайгылуу окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу сезими менен кабыл алдым",– деп айтылат телеграммада. – Жоготуу азабын бөлүшүп жатып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм".