Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев менен Марокко Королдугунун Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лотфи Бушаара Евразия экономикалык комиссиясы менен Марокко өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Данияр Иманалиевдин айтымында, Евразия экономикалык комиссиясы менен Марокко Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандум экономикалык маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча диалогду өнүктүрүү үчүн жакшы негиз түзөт жана расмий жана ишкер чөйрөлөрдү ар кайсы тармактарда жөнгө салууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча маалымдоого багытталган."ЕАЭБ менен Марокконун ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн потенциалы чоң, – деп белгиледи ЕЭКтин министри. – ЕАЭБ өлкөлөрү менен Марокконун ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикасын сактап калууда: 2025-жылы ал 17%га көбөйүп, 2 млрд доллардан ашкан".
Өз кезегинде марокколук дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегине, ошондой эле Марокконун потенциалын колдонуу менен Бирликтин мүчө мамлекеттери үчүн Африка региону менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурду.
Тараптар актуалдуу маселелер боюнча тармактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, тиешелүү консультацияларды уюштурууга, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Марокконун бизнес-коомдоштугун маалымдоо үчүн даяр экендиктерин билдиришти.
Евразия экономикалык комиссиясы менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга 2017-жылдын 28-сентябрында Рабат шаарында кол коюлган. Документ соода байланыштарын кеңейтүүнү жана диверсификациялоону, ошондой эле рынокторго өз ара жеткиликтүүлүктү жеңилдетүүнү кошкондо, экономикалык мамилелерди жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.
Марокко ЕАЭБдин преференциялар тутумунун алкагында тарифтик жеңилдиктерден пайдаланат. Бул Мароккодон келген кээ бир товарлар үчүн ЕАЭБдин аймагына алып кирүүдө төмөндөтүлгөн же нөлдүк тарифтер колдонулушу мүмкүн дегенди билдирет.