Данияр Иманалиев: "Комиссиянын БУУ ЕЭК менен кызматташтыгын кеңейтүү интеграциялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатат"
03.10.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы (Швейцария) бөлүмүнүн штаб-квартирасында БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолугушту.

ЕЭК министри Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык кызматташтык принциптерине болгон мамилелери, ЕАЭБдин 2030-жылга чейинки Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары (ЭӨНБ-2030), "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын ишке ашырылышы жөнүндө айтып берди.

Дмитрий Марьясиндин айтымында, 2026-жылдын апрелинде өтө турган аймактык форумга даярдыктын алкагында транспорт, энергетика, инновация жана соода сыяктуу негизги багыттар боюнча тематикалык брифтерди жана мазмундуу баяндамаларды иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Тараптар статистикалык маалыматтардын методологиясы боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.


Скачать исходники фотографий