Жаңылыктар

26.02.2025

ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн оң динамикасы сакталууда

Дал келүүчү жана алдыга озуучу индикаторлордун жаңыртылган эсебине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндө экономикалык активдүүлүктүн позитивдүү динамикасы сакталууда.

Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын экономикалары ишкердик жигердүүлүктүн өсүү фазасында, Армения Республикасынын жана Беларусь Республикасынын экономикалары — басаңдоо фазасында турат.

Комиссиянын баалоосу боюнча, март айында Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда учурдагы тенденциялар сакталат. Россиянын экономикасы ишкердик жигердүүлүктүн туу чокусунан өтүп, андан соң бара-бара жайлоого өтөт, Армения үчүн мындан ары да жайлоо күтүлөт.

Алдыга озуучу индикаторлор евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн өзгөрүү динамикасынын багыты жөнүндө түшүнүктү түзүү үчүн Комиссия тарабынан кыска мөөнөттүү келечекте колдонулуучу болжолдоонун инструменти болуп саналат. Алар экономикалык агенттердин жүрүм-турумун жана экономиканын негизги тенденцияларын көрсөткөн кыска мөөнөттүү процесстер жөнүндө эң маанилүү маалыматтарды топтошот.