Динара Мукаева ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Динара Бакытовна Мукаева 1987-жылы Казакстандын Алматы облусунда туулган.


Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетин "Эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

2008-2020-жылдары Казакстан Республикасынын монополияга каршы орган системасында ар кандай кызматтарда иштеген.

2020-2022-жылдары Казакстан Республикасынын Коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигинин картелдерге каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеген.

2022-2025-жылдары Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин Абай облусу боюнча аймактык Департаментин жетектеген.

Казакстан Республикасынын "Монополияга каршы кызматтын отличниги" төш белгиси менен сыйланган.

2025-жылдын 28-майынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.