Людмила Ивановна Мудрова 1980-жылы 21-сентябрда Могилев облусунун Хотимск шаарында (Беларусь Республикасы) туулган.
2002-жылы Могилев мамлекеттик техникалык университетин, 2021-жылы Беларусь мамлекеттик экономикалык университетинин аспирантурасын аяктаган.
2003-жылдын мартынан 2007-жылдын мартына чейин Хотимск району боюнча Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин инспекциясында мамлекеттик салык инспекторунан инспекциянын башчысынын орун басарына чейин кызматтарды ээлеген.
2007-жылдын мартынан августуна чейин — Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча министрлигинин Могилев облусу боюнча инспекциясынын башкы мамлекеттик салык инспектору.
2007-жылдын сентябрынан 2009-жылдын октябрына чейин — Беларусь Республикасынын Салыктар жана жыйымдар министрлигинин башкы мамлекеттик салык инспектору.
2009-жылдын октябрынан 2023-жылдын январына чейин Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинде башкы адистен башкармалыктын башчысына чейинки кызматтарда иштеген.
2023-жылдын февралынан 2025-жылдын сентябрына чейин — Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары.
2025-жылдын 15-сентябрынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы департаментинин директору кызматына дайындалды.