ЕЭКтин Статистика департаментинин директору болуп Николай Чуйков дайындалды
Николай Алексеевич Чуйков 1979-жылы Чүй облусунда туулган. 2003-жылы Кыргыз-Россия (Славян) университетин "экономист-математик" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Тандалма изилдөөлөр башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин Улуттук эсептер системасы башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген.

2007-жылы — Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

2011-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында: интеграциялык процесстер жана макроэкономика секторунун башчысы, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ошондой эле экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2018-жылдан 2022-жылга чейин — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары.

2026-жылдын 19-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин директору болуп дайындалды.