Талгат Амангельдиевич Момышев 1968-жылы Щучинск шаарында (Казакстандын) туулган.
1990-жылы Жамбыл гидромелиорациялык-курулуш институтун, ал эми 2001-жылы Алматы экономика жана статистика институтун бүтүргөн.
Эмгек ишмердигин 1997-жылы Жамбыл стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо борборунун бөлүм башчысы болуп баштаган, андан кийин аталган борбордун жетекчисинин орун басары болгон.
2000-2003-жылдары - "Метрология" РМИнин Алматы филиалынын директору болгон.
2003-2005-жылдары - "Казсертико" МИӨБ" РМИ директорунун биринчи орун басары, "Улуттук экспертиза жана сертификаттоо борбору" АКнын Астана боюнча өндүрүш башкармалыгынын башчысы.
2005-2010-жылдары - Казакстан Республикасынын индустрия жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2010-2014-жылдары Казакстан Республикасынын Мунай жана газ министрлигинин мунайгаз комплексиндеги мамлекеттик инспекциясынын комитетин жетектеген. Андан кийин ошол эле Министрликтин мунай жана газ комплексиндеги мамлекеттик инспекциясынын Экологиялык жөнгө салуу комитетинин төрагасы болуп иштеген.
2017-2018-жылдары Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик инспектору болгон.
2018-2019-жылдары - Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун акиминин орун басары.
2019-2021-жылдары - Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин жооптуу катчысы, Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин аппарат жетекчиси.
2021-2023-жылдары - Казакстан Республикасынын экология, геология жана жаратылыш ресурстары боюнча Вице-министри.
2023-жылдан 2024-жылдын июлуна чейин Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин Улуттук аккредитация борборун жетектеген.
2024-жылдын 18-июлунан тарта – Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору болуп дайындалды.