Жаңылыктар

27.01.2023 (Обновлено: 02.02.2023 14:30)

ЕАЭБ жана АСЕАН кызматташтыкты бекемдөөнү максат кылышууда

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы экономикалык кызматташтык жаатындагы өз ара иштешүүнү өнүктүрүүнүн келечегин ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана АСЕАНдын Башкы катчысы Као Кимхорн АСЕАНдын штаб-квартирасында 27-январда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө талкуулашты.

Сергей Глазьев белгилегендей, АСЕАН менен да жана Ассоциациянын мүчө мамлекеттери менен да байланыштарды тереңдетүү ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктарынын бири болуп саналат, бул бир катар негизги документтерде бекитилген. Ал Комиссиянын жана АСЕАН Катчылыгынын ортосунда өз ара иштешүүнү жогору баалады.

"Биздин түзүмдөрдүн ортосундагы диалог биринчи кезекте интеграцияны тереңдетүү, бирикмелердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, стратегиялык пландаштырууга карата мамилелер боюнча тажрыйба алмашууга багытталган", – деп билдирди Сергей Глазьев. Бул контекстте ал ЕАЭБдин учурдагы интеграциялык күн тартибин өзүнчө белгилеп, 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу жөнүндө айтып берди.

Као Кимхорн өз тарабынан ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен байланыштарды мындан ары бекемдөөгө АСЕАН Катчылыгынын кызыкдар экендигин тастыктады жана 2025-жылга чейин ЕЭК менен АСЕАНдын ортосундагы кызматташтык программасын ишке ашыруунун жүрүшүнө оң баа берди. АСЕАН үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташуунун артыкчылыктуу чөйрөлөрү катары ал энергетика, азык-түлүк, туризм тармактарын жана экономикалык ишмердүүлүктүн ар кандай аспектилерин санариптештирүү маселелерин белгиледи. Ошондой эле ал бизнес чөйрөсүндө байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары үстүбүздөгү жылга карата кызматташуу пландарын, анын ичинде "ЕАЭБде
жана АСЕАНда санариптик трансформация" биргелешкен семинарын өткөрүүнү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагындагы форумдардын алкагындагы иш-чараларга, анын ичинде ЕАЭБ жана АСЕАН ишкер чөйрөлөрүн тартуу менен, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын аянтчаларында иш-чараларга катышууну талкуулашты.


Маалымат

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) – 1967-жылы негизделген экономикалык бирикме. Ассоциациянын катышуучулары – Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа. Папуа-Жаңы Гвинея жана Чыгыш Тимор байкоочу статусуна ээ. Бул эң ири регионалдык интеграциялык бирикмелердин бири болуп саналат. Анын жалпы ИДӨсү 2,6 трлн АКШ долларын жана калкынын саны 622 млн адамды түзөт.

ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 14-ноябрында Сингапурда кол коюлган. Документ Евразия континентинин масштабында интеграциялык блоктордун өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо боюнча диалогдук аянтчаны түзүү үчүн пайдубалды түзөт.

Меморандумду ишке ашыруу үчүн 2020–2025-жылдарга карата Кызматташтык программасы кабыл алынган. Ал бажылык мыйзамдар жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба, соода саясаты, ишкердик ишмердик, техникалык жана монополияга каршы жөнгө салуу, СФС-чаралар, энергетика, ички рыноктордун иши ж.б. сыяктуу тармактарды камтыйт.