ЕАЭБ менен АСЕАН аба транспорту менен жүк ташуу маселелерин талкуулады

3-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында "Аба транспорту менен жүк ташуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу" темасында ЕАЭБ – АСЕАН биргелешкен семинары болуп өттү.

 

Семинардын катышуучулары ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүндөгү аба транспорту менен жүк ташууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде бул чөйрөдөгү негизги чакырыктарды жана тобокелдиктерди талкуулашты.

"Евразия менен Түштүк-Чыгыш Азиянын ортосундагы соода агымынын өсүшүн, ошондой эле жүктөрдү, өзгөчө тез бузулуучу жана жогорку технологиялуу жүктөрдү тез жана ишенимдүү жеткирүү муктаждыгын эске алуу менен, аба коридорлорун жана логистикалык хабдарды өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди координациялоо стратегиялык маанилүү милдетке айланууда", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев семинардын катышуучуларына карата куттуктоосунда.

ЕАЭБ жана АСЕАНдын мамлекеттик органдарынын, бизнес түзүмдөрүнүн, эл аралык жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү авиациялык жүк ташуу чөйрөсүндө электрондук транспорттук документтерди киргизүү, транспорттук маалыматтык тутумдардын жана сервистердин эл аралык стандарттары, авиациялык логистикадагы технологиялар жана инновациялар боюнча актуалдуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

Семинардын күн тартибине ошондой эле аба кемелеринин паркын жаңыртуу, аэропорттордун жер үстүндөгү инфраструктурасынын объектилерин модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; авиакомпаниялардын авиациялык инфраструктурага басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери да киргизилген.

"Биздин регионалдык бирикмелерибиздин ийгиликтүү тажрыйбаларын ишке ашыруу ЕАЭБ менен АСЕАНдын Европа менен Азиянын ортосундагы транспорттук каттамдар жана транзиттик ташуулар чөйрөсүндөгү көрсөткүчтөрүн олуттуу түрдө жакшырта алат", – деп баса белгиледи ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов.

Семинардын катышуучулары бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү ар кандай деңгээлде: АСЕАН Катчылыгы менен ЕЭКтин ортосунда да, ошондой эле эки бирикменин мамлекеттеринин жана бизнес-коомдоштугунун ортосунда да улантууга даяр экендиктерин билдиришти.