ЕАЭБ жана АСЕАН деңиз аркылуу жүк ташуу маселелерин талкуулашты

16-мартта ЕЭКтин аянтчасында "Деңиз аркылуу жүк ташуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу" темасында ЕАЭБ — АСЕАНдын биринчи тармактык биргелешкен семинары өттү. 

Семинардын катышуучулары АСЕАН өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин деңиз аркылуу жүк ташууларынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, бул чөйрөдө коопсуздукту камсыздоо маселелерин, ошондой эле деңиз транспортундагы санариптештирүү маселелерин талкуулашты.

"Биздин уникалдуу географиялык жана геоэкономикалык абалыбызды, жогорку транзиттик жана өнөр жай потенциалыбызды эске алуу менен, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана логистикалык хабдарды түзүү үчүн аракеттерди координациялоо маанилүү милдет болуп саналат. Ошону менен бирге, деңиз аркылуу жүк ташуулар эл аралык соодада негизги ролду ойнойт, бул чөйрөдөгү биздин өз ара аракеттешүүбүз жана тажрыйба алмашуубуз биздин аймактардын ортосундагы экономикалык байланыштарды олуттуу түрдө бекемдей алат", — деп белгиледи семинардын катышуучуларына жолдогон куттуктоосунда ЕЭКтин энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошев.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин министрликтеринин, бизнес-түзүмдөрүнүн жана илимий коомдоштугунун өкүлдөрү АСЕАН өлкөлөрү менен логистикалык кызматтарды, порттук инфратүзүмдү жана санариптик коридорлорду өнүктүрүү боюнча актуалдуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

АСЕАН өлкөлөрүнүн кесиптештери кеме каттамдарында отундун альтернативдүү түрлөрүн колдонууда коопсуздукту камсыздоо аспектилери жана деңиз транспортунда "бирдиктүү терезени" өнүктүрүү боюнча учурдагы долбоорлор тууралуу тажрыйба бөлүшүштү.

Семинардын катышуучулары бул багыт боюнча өз ара аракеттенүүнү ар кандай деңгээлдерде: АСЕАН Катчылыгы менен ЕЭКтин ортосунда да, ошондой эле өлкөлөр менен бизнес-коомдоштугунун ортосунда да улантууну макулдашышты.

"АСЕАНдын ийгиликтүү тажрыйбаларын имплементациялоо ЕАЭБге Европа менен Азиянын ортосундагы транспорттук каттамдарды жана транзиттик ташууларды жүзөгө ашырууда өзүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деп баса белгиледи ЕЭКтин Транспорт жана инфратүзүм департаментинин директору Рустан Дженалинов.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана деңиз аркылуу жүк ташуу чөйрөсүндө натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө боло турган негизги корутундулары жана сунуштары камтылган документ даярдалат.