Анықтама Оңтүстік Шығыс Азия мемлекеттері қауымдастығы (АСЕАН) — 1967 жылы құрылған экономикалық бірлестік. Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа — қауымдастықтың қатысушылары болып табылады.

Соода-экономикалык мамилелердеги тоскоолдуктарды четтетүү жана Евразия экономикалык бирлигинин ишкер чөйрөлөрүнүн жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын ортосунда түз диалогду тереңдетүү маселелерин 15-майда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн "ЕАЭБ-АСЕАН" бизнес-диалогунун катышуучулары талкуулашты.

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев ЕЭК үчүн АСЕАН – келишимдик-укуктук мамилелер тармагы көз карашынан алганда эң салмактуу өнөктөш экенин белгилегенди.

"АСЕАНдын көпчүлүк өлкөлөрү менен бизде кызматташуу жөнүндө меморандумдар түзүлгөн жана биргелешкен иш пландар бар, же эркин соода аймактары иштейт. Бирок, соода статистикасы кызматташуу потенциалы алда канча жогору экенин көрсөтүп турат. Биз четтетүүгө мүмкүн болгон тоскоолдуктарга туш болуп жатабыз, бирок бул үчүн төлөм-эсептешүү мамилелери үчүн инфраструктура керек", - деди ЕЭК министри.

Сергей Глазьев негизги тоскоолдуктар катары төлөмдөрдү жүргүзүү, клиринг, камсыздандыруу жана тышкы соода келишимдерин насыялоо, транспорт жана логистика, ошондой эле бири-биринин соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алмашуу маселелерин белгиледи.

"АСЕАН рынокторунда бизнести толук кандуу жүргүзүү үчүн ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн банктарынын доллардын колдонулушуна жана АКШнын банктык инфраструктурасына көз каранды болбогон корреспонденттик мамилелеринин кеңири системасы талап кылынат", - деди Сергей Глазьев.
Валюта-каржы маселелери жөнүндө диалогдун башка катышуучулары да сөз кылышып, атап айтканда, өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарга өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Өз ара кызыкчылык жараткан өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары катары көпчүлүк эксперттер туризмди, экономиканы санариптештирүүнү жана климаттык күн тартибин белгилешти. Маселен, АСЕАНдын Башкы катчысынын орун басары Сатвиндер Сингх АСЕАНдын алкагында санариптик жана климаттык күн тартиби кандайча ишке ашырылып жаткандыгы жөнүндө айтып берди жана бул чөйрөлөр ЕАЭБ менен АСЕАНдын андан ары өз ара аракеттенүүсү үчүн келечектүү болуп саналат деген пикирин билдирди. Мындан тышкары, ал кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты катары - энергетиканы атады.

Сатвиндер Сингх ЕАЭБ менен АСЕАНдын соода-экономикалык кызматташтыгы өсүп жатканын, 2021-жылы сооданын көлөмү 21 млрд АКШ долларынан ашып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 40%га жогору экенин белгиледи.

"Биз айыл чарбасына, инновацияларга, тамак-аш өндүрүшүнө инвестицияга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Биздин соода кеңейүү үчүн зор перспективаларга ээ", - деп баса белгиледи ал.
АСЕАН өлкөлөрүнүн өкүлдөрү ЕАЭБ мамлекеттери жана Евразия экономикалык комиссиясы менен, анын ичинде Индонезия, Камбоджа, Сингапур жана Таиланд өкмөттөрү менен Комиссия тарабынан түзүлгөн меморандумдардын алкагында өнүгүп жаткан мамилелерге канааттануусун билдиришти. Мьянма Бирлигинин инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зо ПЭЭФ аянтчасында ЕЭК менен Мьянманын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана документ ЕАЭБ жана Мьянма өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн импульс болуп кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Сессиянын катышуучулары бул жылы Россия – АСЕАН стратегиялык өнөктөштүгүнүн беш жылдыгы белгиленип жаткандыгын белгилешти. Бул өнөктөштүктүн эң маанилүү аспектилери жана анын келечеги жөнүндө Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Владимир Ильичев жана Россия Федерациясынын АСЕАНдагы Туруктуу өкүлү Евгений Загайнов айтып беришти.

Бизнес-диалогдун ишине ошондой эле Филиппиндер Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Игорь Байлен, "Россиялык экологиялык оператор" ачык-укуктук компаниясынын башкы директору Денис Буцаев, АСЕАН Ишкердик консультативдик кеңешинин төрагасы Аршад Расджид катышышты. Модератор "Россия – АСЕАН" Ишкерлер кеңешинин төрагасы Иван Поляков болду.

Маалымат

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) – 1967-жылы негизделген экономикалык бирикме. Ассоциациянын катышуучулары – Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа. Папуа-Жаңы Гвинея жана Чыгыш Тимор байкоочу статусуна ээ. Бул эң ири регионалдык интеграциялык бирикмелердин бири болуп саналат. Анын жалпы ИДӨсү 2,6 трлн АКШ долларын жана калкынын саны 622 млн адамды түзөт.

ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 14-ноябрында Сингапурда кол коюлган. Документ Евразия континентинин масштабында интеграциялык блоктордун өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо боюнча диалогдук аянтчаны түзүү үчүн пайдубалды түзөт.

Меморандумду ишке ашыруу үчүн 2020–2025-жылдарга карата Кызматташтык программасы кабыл алынган. Ал бажылык мыйзамдар жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба, соода саясаты, ишкердик ишмердик, техникалык жана монополияга каршы жөнгө салуу, СФС-чаралар, энергетика, ички рыноктордун иши ж.б. сыяктуу тармактарды камтыйт.