Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ жана АСЕАН аймактары үчүн актуалдуу болгон керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун азыркы абалына тиешелүү маселелерди козгошту.
ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Владимир Синкевич өз сөзүндө бул тема Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү стратегиясында негизги орундардын бирин ээлейт деп белгиледи.
"Дүйнө технологиялык прогресстин жана санариптик трансформациянын дооруна кирди. Жана бул жаңы шарттарда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо биздин келечегибиздин аныктоочу фактору болуп калат", – деп билдирди ЕЭК Департаментинин башчысы.
Владимир Синкевич керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө ЕАЭБ – АСЕАН диалогунун негизги маселелерин көтөрдү. Ал АСЕАНдын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин төрагасы – Таиланддын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча кеңсесинин башкы катчысы Роннаронг Пхулпипат менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында эки интеграциялык бирикменин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары үчүн Комиссия жана АСЕАН Катчылыгы тарабынан уюштурулган биринчи семинардын жыйынтыктарын сунуштады.
Иш-чаранын катышуучулары санариптик технологиялардын өнүгүшү жана жасалма интеллекттин киргизилиши менен шартталган рыноктук чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө өз убагында жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Отурумда орто мөөнөттүү, анын ичинде 2026-2030-жылдарга Комиссия менен АСЕАНдын кызматташтыгынын жаңы программасынын иш-чараларын ишке ашыруу алкагындагы кызматташуу пландары каралды. Иш керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында эки региондун потенциалын бекемдөөгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу мыкты тажрыйба жана практика алмашууга багытталат.
Жолугушуу ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп калды. Тараптар аталган чөйрөдө пайда болгон көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жана керектөөчүлөрдүн арасында ишеним деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин көрсөтүштү.